​“Казакстандык Месси” орусиялык клубка өтөт

​“Казакстандык Месси” орусиялык клубка өтөт
11-Янв. 2018, Бейшемби, 02:01

Казакстандын 17 жаштагы жаңы футбол жылдызы, Казакстан жаштар курама командасынын чабуулчусу Еркебулан Сейдахмет Орусиянын “Уфа” клубуна өтүшү мүмкүн. Vesti.kz сайтынын маалыматына караганда “Казакстандык Месси” аты менен таанылган жаш футболчу Еркебулан Сейдахмет орусиянын “Уфа” клубуна кабыл алынаарына аз калгандыгын Орусиянын спорт баяндамачысы Нобель Арустамян айтып чыкты.

Акыркы 20 беттешүүдөн кийин “Уфа” футбол клубу Орусия премьер-лигинде 27 упай топтоп, алтынчы орунга көтөрүлгөн.

Эсиңиздерге сала кетсек Сейдахмет чоңдор футболуна 2017-жылы кошулган. Казакстан премьер-лигасында "Тараз" командасынын атынан ойноп, бир гол киргизип, бир жыйынтыктуу топту ылайыктап берген. Жаш футболчу 90 мүнөт боюу кызыктуу оюн көргөзгөн. Ушул жылдын 23-февралда Сейдахмат 18 жашка чыгат жана каалаган чет мамлекеттик клуб менен келишим түзүүгө укук алат.

Мурда “Зенит” клубунун жаштар командасы менен америкалык "Атлетик Юнион" менен беттешүүдө Сейдахмет 4 гол киргизип, атагы алыска кеткен. Бирок жашы жетпегендигинен “Зенит” менен келигим түзүүгө болбой калган. Ошондуктан бир жыл боюу “Талас” клубунда ойноп келди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!