​Сауд Арабия аялдарга футбол көрүүгө уруксат берди

​Сауд Арабия аялдарга футбол көрүүгө уруксат берди
11-Янв. 2018, Бейшемби, 11:29

Сауд Арабия тарыхта биринчи жолу аялдарга стадиондо футбол көрүүгө уруксат берди. Бул тууралуу “Sports.ru” сайты билдирүүдө. Маалыматка ылайык бул жумада аялдар стадионго бара алышат. Аял ышкыбоздорунун аудиториясындагы биринчи футболдук беттешүү 12-январда өткөрүлөт. Анда «Аль-Ахли Джидда» менен «Аль-Батин» футболдук командалар беттешет. Буга чейин аялдар футболду телевизордон гана көрүп келишкен. Бул ирет аялдар үчүн стадиондо атайын сектор ачылат.

Эсиңиздерге сала кетсек аялдарга стадиондо футбол көрүүгө уруксат берүүгө буйрукту Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд падышасы октябрь айында чыгарган. Бирок 2018-жылдын башында гана күчүнө кирди.

2015-жылы бийликке келген Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд падышасы аялдарга көп укуктарды берген. Алардын арасында аялдар өз алдынча автоунаа айдай алышат. Мындан тышкары ресторан жана кинотеатрга барышып, мамлекеттик мектептеги кыздар спорт менен машыга алышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!