​Чемпионатта жеңсе 2 млрд рубль алышабы?

​Чемпионатта жеңсе 2 млрд рубль алышабы?
11-Янв. 2018, Бейшемби, 12:57

Россияда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионат уламдан улам жакындаган сайын оюнчулар жана Россиянын машыктыруучу штабынын дымактары бай-бай жарыяланууда. Эгерде Россиянын футбол боюнча курама командасы чемпионатта жеңишке жетишсе, оюнчулар 2 миллиард рубль сыйлык алаары айтылды. Бул тууралуу "Спорт FM" сайты “Telegram-каналга " таянып жазып чыкты.

Маалыматка ылайык россиялык футболчулар дүйнө чемпионаттында жеңишке жетишсе 2 миллиард рубль алышат. Ал эми финалга чыкса 1,2 миллиард сыйлык берилет. Кокустан Россия өздөрүнүн атаандаш тобу болгон Сауд Арабия, Уругвай жана Египет арасынын сурулуп чыкпаса - эч нерсе алышпайт. Эң башкысы бул каражаттар Россиянын бюджетинен төлөнөөрү жазылууда.

Эсиңиздерге сала кетсек футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлга чейин Россияда өтөт. Футболчулар Россиянын 11 ири шаарларында 12 стадионунда ат салышат. Москва шаарында (“Лужник жана “Спартак), Санкт-Петербург (“Санкт-Петербург” стадионунда) Казань (“Казань Арена”), Сочи (“Фишт”), Екатеринбург (“Екатеринбург Арена”), Ростов-на-Дону (“Ростов Арена”), Волгоград (“Волгоград Арена”), Нижний Новгород ( “Нижний Новгород” стадиону).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!