​Жөө күлүк футболго аттанды

​Жөө күлүк футболго аттанды
11-Янв. 2018, Бейшемби, 15:23

Ямайкалык легендарлуу жөө күлүк, жеңил атлетика боюнча олимпиаданын 8 жана дүйнөнүн 11 жолку чемпиону Усэйн Болт футболчу болууну чечти. Атактуу спортчу Германиянын "Боруссия" футболдук клубуна 2018-жылдын март айында өтөөрүн билдирди. Англиянын “Daily Express” басылмасына маек курган спортчу "Март айынан баштап "Боруссия" футболдук клубунда машыгууларды баштайм. Баардыгы жакшы болсо андан ары улантып кетем. Бирок келечекте "Манчестер Юнайтед" футбол клубунда ойноону кыялданам”,- деп айткан.

Эсиңиздерге сала кетсек, ямайкалык легендарлуу жөө күлүк, 8 жолку олимпиада 11 ирет дүйнө чемпиону Усэйн Болт 2017-жылдын жайында жеңил атлетка боюнча спорт менен коштошкон болчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!