​УЕФА жылдын командасын аныктады

​УЕФА жылдын командасын аныктады
12-Янв. 2018, Жума, 02:03

УЕФА Европа чемпионатынын тарыхындагы эң мыкты 11 футболчу белгилүү болду. Алар УЕФАнын интернет барагы жана социалдык бөлүшүү платформасы "Твиттер" аркылуу берилген 8 миллион 779 миң 639 добуш менен аныкталды. УЕФА өткөн жылы ноябрь айында символикалык курама команда үчүн 50 оюнчуну добушка койгон. 2017-жылдын курама командасына “Реалдан” 5 футболчу кирген.

Жалпысынан 8,7 миллион добуш берилген. Алардын ичинен эң көп добушту Серхио Рамос ( 588 миңден ашык), экинчи орунду Марсело (558,495; 70%), үчүнчү орунду Месси (477,036; 59,8%) алган.

УЕФАнын 2017-жылдагы командасы төмөндөгүчө:

Дарбазачы: Жанлуиджи Буффон ("Ювентус")

Коргоочулар: Дани Алвес ("Пари Сен-Жермен", Франция), Серхио Рамос ("Реал"), Жорджо Кьеллини ("Ювентус"), Марсело ("Реал");

Жарым коргоочулар: Кевин де Брюйне ("Манчестер Сити", Англия), Тони Кроос, Лука Модрич (оба - "Реал"), Эден Азар ("Челси", Англия);

Чабуулчулар: Лионель Месси ("Барселона"), Криштиану Роналду ("Реал").

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!