​Роналду өзүмчүлдүгү менен тажатты

​Роналду өзүмчүлдүгү менен тажатты
12-Янв. 2018, Жума, 11:04

«Реа́л Мадри́д» футболчулары - команданын чабуулчусу Криштиану Роналдунун өзүмчүлдүгөн тажап, ачыктан – ачык ага каршы чыгышууда. Бул тууралуу испаниянын “Diario Gol” басылмасы жазып чыкты. Маалыматка ылайык португалиялык футболчуга айрыкча жарым коргоочу Иско каршы чыккан. Анын артындан Серхио Рамос, Маркос Асенсио, Дани Себальос жана Лукас Васкес колдоп кеткен. Испаниянын учурдагы сезонунда 17 беттешүүдө “Реал” 32 упай менен төртүнчү орунга жетип, 16 упай менен “Барселонадан” артта калган. Мында Роналду төрт гол киргизип, атаандаштарына 84 сокку жолу урган. Мындан тышкары футболчулар Роналду француздардын “ПСЖ” клубуна кетет сыяктуу кабарлардан тажап кетишкендиги айтылууда.

Эсиңиздерге сала кетсек, Криштиану Роналду «Реа́л Мадри́д» футбол клубунда 2009-жылдан бери ойноп келатат. Ушул убак аралыгында ал эки жолу Испаниянын чемпиону, эки жолу Кубок жана өлкөнүн Суперкубогун, үч жолу Лига Чемпиондугун жеңип алган. Өткөн айда португалиялык футболчу Криштиану Роналду 2017-жылдын мыкты футболчусу жана “Алтын топ” сыйлыгынын ээси болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!