​Евгения Медведева чемпионатка катышат

​Евгения Медведева чемпионатка катышат
12-Янв. 2018, Жума, 15:05

Россиянын жалгыздап көркөм муз тебүү боюнча жылдызы Евгения Медведева Европа чемпионуна катышат. Бул тууралуу Россиянын көркөм муз тебүү боюнча федерациясынын президенти Александр Горшков билдирди. Дүйнөнүн эки жолку чемпиону өткөн айда алган жаратынын айынан Россия көркөм муз тебүү чемпиондугуна жана Гран-при финалдарына катыша албай калган. Көркөм муз тебүү боюнча федерация президенти Александр Горшков “ Учурда Евгения толугу менен машыгып жатат. Ал Европа чемпиондугуна активдүү даярданууда. Жараты айыкты эми мурдагы Евгения Медведева эл алдына чыгат” деп билдирди.

Медведова 11-ноябрда көркөм муз тебүү боюнча Осака шаарындагы чемпионатта жыгылып кеткен. Бирок ага карабай биринчиликти камсыз кылган эле. Кийин оң бутунан жарат алгандыгы айтылган.

Эсиңиздерге сала кетсек Европа чемпионаты Москва шаарында 15-январдан 21-январга чейин өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!