Карпов кытайлык шахматчы менен ойнойт

Карпов кытайлык шахматчы менен ойнойт
13-Янв. 2018, Ишемби, 02:07

Дүйнөнүн шахмат боюнча он эки жолку чемпиону Анатолий Карпов кытайлык шахматчы Хоу Ифань менен ыкчам мелдешке чыгат. Алты партиялык ыкчам шахмат мелдеши 4-февралдан 7-февралга чейин катайдын Харбин шаарында өткөрүлөт. Мындан тышкары алар Кытайдын жаш шахматчылардын 50 - турунун ачылышына катышат. Анда дүйнөгө таанымал эки гроссмейстер жаш шахматчыларга шахмат оюну кандай экендигин жандуу көргөзүшөт. Хоу Ифань аялдар арасында дүйнөнүн төрт жолку чемпиону. Жеңүүчүгө 20 миң долларлык сыйлык берилет. Ал эми жеңилген тарап 10 миң доллар сыйлык алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!