​Неймар жарым миллиард еврого бааланды

​Неймар жарым миллиард еврого бааланды
13-Янв. 2018, Ишемби, 12:10

"Манчестер Юнайтед" француздардын “ПСЖ” футбол клубунун чабуулчусу Неймарга 500 миллион евро төлөп берүүгө даяр. Бул тууралуу Le 10 Sport сайтты жазууда. Маалыматка ылайык мындай каражатты “Реал Мадрид” футбол клубу дагы төлөй тургандыгын билдирген.

Жуманын башында испаниянын абройлуу “Marca” гезити бразилиялык футболчу жана француздардын “ПСЖ” клубунун чабуулчусу Неймарды алууга “Реал Мадрид” 400 миллион евро төлөй тургандыгын жазып чыккан. Француздардын “ПСЖ” футбол клубунун чабуулчусу Неймар күнүнө 100 миң евро алганына карабай Франциядан кеткиси келип жаткандыгы байма-бай айтылып келет. 9-январда спорт изилдөө борбору (CIES) 25 жаштагы Неймарды 213 миллион еврого баалап, дүйнөнүн эң баалуу футболчу деп атаган.

Эсиңиздерге сала кетсек “Барселонанын” мурдагы чабуулчусу Неймар француздардын “Пари Сен-Жермен” клубуна 2017-жылы августь айында өткөн. Анда оюнчу француз клубу менен 5 жылдык келишим түзгөн. Ал эми трансфер 222 миллион еврону түзүп, футбол тарыхында рекорд койгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!