​Атактуу мушкер бангизат менен кармалды

​Атактуу мушкер бангизат менен кармалды
13-Янв. 2018, Ишемби, 13:09

Дүйнөлүк бокс кеңешинин (WBC) версиясы боюнча дүйнө чемпиону, оор салмак боюнча атактуу мушкер Деонтей Уайлдер автоунаасына марихуана сактаганы үчүн кармалды. Мушкер соттун чечими менен 30 суткага абакта жана 60 саат коомдук жумушта эмгектенет. ”РИА Новости” маалыматына караганда 2017-жылдын аягында американын Таскалуса шаарында полиция автоунааны токтоткон. Унаанын айдоочусу атактуу боксер Деонтей Уайлдер болгон. Унаа текшерүүдөн бангизат каражаттары чыккан. Бул окуя боюнча мушкердин жактоочусу автоунааны башка бирөө убактылуу колдонуп тургандыгын тастыктаганы менен сотту ишендире алган эмес. Соттун чечими боюнча мушкер күнөөлү деп табылган.

Эсиңиздерге сала кетсек Деонтей Уайлдер бокс карьерасында 39 беттешүү өткөрүп,дээрлик жеңиштер менен келаткан. Ал беттешүүнүн 38де каршылашын нокаут менен жеңген. Уайлдер акыркы учурдагы жылдызы жанган келечектүү спортчу аталып келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!