​50 жашында жаңы келишим түздү

​50 жашында жаңы келишим түздү
13-Янв. 2018, Ишемби, 14:35

Футбол дүйнөсүндөгү эң узак убакыт футбол ойногон 51 жашындагы жапониялык оюнчу Казиоси Миура дагы бир жылга келишимин узартты. Жапониянын профессионалдык "Йокогама" футбол клубу менен 33 сезонуна кирген атактуу футболчу жаңы келишимге кол койду.

Казиоси Миура Жапония курама командасы менен 89 футбол беттешүүлөрүнө катышып, 55 гол киргизген. Мындан тышкары ал Бразилия, Хорватия жана Австралияда ойногон. А сериясынын Жапониянын алгачкы өкүлү болгон. Ал өзүнүн футболдук карьерасын 1986-жылы баштаган. Алдыбыздагы 2018-жылы 26-февралда 51 жашка чыгат. Ал эми жаңы келишимин 31-декабрга чейин узартты. Былтыркы жылы Казиоси Миура 12 футболдук беттешүүгө катышып, 1 гол киргизген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!