​Олимпиадада ким канча медаль алат?

​Олимпиадада ким канча медаль алат?
15-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 03:45

Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында өтө турган 2018-жылдагы кышкы Олимпиада оюндарында кайсы өлкө канча медаль алаарынын божомолдуу медалдык зачету жарыяланды. Бул тууралуу зачетту “Gracenote” аналитикалык компаниясы билдирди. Маалыматка ылайык олимпиада оюндарында Орусия коньки жарашы жана көркөм муз тебүү боюнча алтын медалдарды алышат. Алдын ала божомолдорго караганда “Орусиянын олимпиадалык атлеттери” жалпысынан 19 медаль алышат: 4 алтын, 6 күмүш жана 9 коло. Муну менен расмий эмес медалдык зачетто 6 орунга чыгышат. Ал эми алдыңкы орундарга Германия, Норвегия жана АКШ чыгаары божомолдонууда.

Эксперттердин пикири боюнча 2018-жылкы кышкы Олимпиада оюндарынын расмий эмес божомолдуу медалдардын зачету төмөндөгүчө:

1. Германия — 14 алтын медаль (жалпысы 40),

2. Норвегия — 14 алтын медаль (37),

3. АКШ — 10 алтын медаь (29),

4. Франция — 9 алтын медаль (24),

5. Канада — 7 алтын медаль (33),

6. Түштүк Корея — 7 алтын медаль (10),

7. Нидерланды — 6 алтын медаль (18),

8. Австрия — 6 алтын медаль (15),

9. Кытай — 6 алтын медаль (9),

10. Жапония — 4 алтын медал (15),

Эсиңиздерге сала кетсек, XXIII кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында 2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин өтөт. Ага дүйнөнүн 90 өлкөсүнүн спортчулары катышат. Спорттун 15 түру боюнча 102 комплекс медаль даярдалган. Алар биатлон,бобслей,тоо лыжасы, лыжа жарышы, лыжа кош таймашы, лыжа фристайлы, керлинг, коньки жарышы, трамплинден секирүү, скелетон, сноуборд, чана спортту, көркөм муз тебүү, хоккей, шорт-трек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!