Неймарды эки клуб талашууда

Неймарды эки клуб талашууда
15-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 11:20

«Реа́л Мадри́д» футболдук клубунун президенти Флорентино Перес бразилиялык футболчу жана француздардын “ПСЖ” клубунун чабуулчусу Неймарды тартууга катуу киришти. Бул тууралуу “Cadena Ser” басылмасы кабарлады. Маалыматка ылайык Перес Неймарды ушул жай айларында дүйнө чемпионатынын кийин которууну көздөп жатат. Перестин айтымында, Неймарды кайтарууга керек болсо Криштиану Роналду менен да алмашууга барат.

Өткөн жумада эле "Манчестер Юнайтед" жана “Реал Мадрид” эки футболдук клуб тең француздардын “ПСЖ” футбол клубунун чабуулчусу Неймарга 500 миллион евро төлөп берүүгө даяр экендигин билдиришкен. 9-январда спорт изилдөө борбору (CIES) 25 жаштагы Неймарды 213 миллион еврого баалап, дүйнөнүн эң баалуу футболчу деп атаган.

Эсиңиздерге сала кетсек “Барселонанын” мурдагы чабуулчусу Неймар француздардын “Пари Сен-Жермен” клубуна 2017-жылы августь айында өткөн. Анда оюнчу француз клубу менен 5 жылдык келишим түзгөн. Ал эми трансфер 222 миллион еврону түзүп, футбол тарыхында рекорд койгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!