​Спортчу шар менен калысты өлтүрдү

​Спортчу шар менен калысты өлтүрдү
15-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 12:30

Чехиялык жеңил атлетчи мелдеш учурунда темир шар менен кокустан калысты уруп алды. Бул тууралуу lenta.ru сайтты кабарлады. Маалыматка ылайык, Прага шаарында болуп жаткан мелдеште спортчу 6 килограммдык шарды туура эмнс ыргытып, четте турган калысты уруп кеткен. Калысты дароо эле медициналык жардам көргөзүлүп, ооруканага жеткирилген. Бирок аны сактоого мүмкүн болбой калган. Калыс көкүрөгүнө тийген шардан 50 мүнөттөн кийин көз жумган.

Жеңил атлетика боюнча клубдун өкүлү Мартин Свобода “Кокустан кырсык болду. Жеңил атлетчи адаттагыдай эле шарды ыргытып жаткан. Шар бир аз туура эмес, кыйшык ыргытылып калыска уруп кеткен” деп билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!