​Криштиану Роналду актерлукка аттанат

​Криштиану Роналду актерлукка аттанат
15-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 13:31

Реал Мадриддин португалиялык футболчусу Криштиану Роналду футбол карьерасын аяктагандан кийин киного тартылууну чечти. Атактуу футболчу бул тууралуу “Sky Italia” каналына билдирди. “Реалдын” форварды азырынча толугу менен футболду ойлогонун бирок бир убакта чоң футбол менен коштошоорун жакшы билээрин айткан. Ошондуктан келечекте атактуу футболчу актерлук менен алектенүүнү чечкен.

Реал Мадриддин португалиялык футболчусу Криштиану Роналду “- Мен азыр 33 жаштамын жана өзүмдү эч качан болуп көрбөгөндөй күчтүү сезип жатам. Бирок бир убакыт келет да, мен футбол менен коштошом. Ошондо өзүмө жаккан иш менен алектенгим келет. Тагыраак айтканда актер болгум келет” деп билдирген.

Эсиңиздерге сала кетсек быйылкы жылы Реал Мадриддин португалиялык футболчусу Криштиану Роналду “Алтын топ” сыйлыгын 5-жолу сыйлыгына ээ болгон. Буга чейин 32 жаштагы португалиялык футболчусу төрт жолу “Алтын топко” татыктуу болгон (2008, 2013, 2014 жана 2016-жылдар). Ал беш жолу “Алтын топ” алган "Барселонанын" чабуулчусу Леонель Месси менен теңелди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!