​Эки Корея бир желекке биригет

​Эки Корея бир желекке биригет
16-Янв. 2018, Шейшемби, 02:51

Кышкы Олимпиада оюндарында Түштүк жана Түндүк Корея бир желекке биригип чыгат. Бул эки аралдагы бир элди биримдикке чакырган достуктун желеги тууралуу “РИА Новости” Түштүк Корея спорт министри То Чон Хвандын сөздөрүнө таянып билдирүүдө.

Министрдин айтымында олимпиадага катышуунун чоо-жайы дагы эле талкууланууда. Эгерде сүйлөшүүлөрдөн оң жыйынтык чыкса, анда эки Корея бир желек менен чыгышат.

“Биз мурда дагы ушундай биргелешип, бир желекке биригип чыкканбыз. Корея жарым аралында тынчтыкка спорт аркылуу жетишүү – Олимпиада оюндарынын негизги максаты болуп саналат”,-деди.

Олимпиада тууралуу Түндүк жана Түштүк Кореянын өкмөттүк аралык сүйлөшүүлөрү 17-январда Панмунжом кыштагында улантылат. Мындан бир жума мурун бул сүйлөшүүлөрдүн биринчи этабы өткөрүлүп, Түндүк Корея кышкы олимпиадага өз делегациясын жиберүүгө макул болгон.

Эсиңиздерге сала кетсек, кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында 2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!