​Нурмагомедов ким менен беттешет?

​Нурмагомедов ким менен беттешет?
16-Янв. 2018, Шейшемби, 14:49

Москвадагы "Олимпийский" спорт комлекси 14-сентябрда Орусияда биринчи жолу UFC эрежесиз эр мушташ өткөрөт. Башкы бетешүүнүн катышуучулары орусиялык эрежесиз мушташ боюнча балбан Хабиб Нурмагомедов жана анын каршылашы ирландиялык UFC чемпиону Конор Макгрегор экендиги айтылууда.

Бул беттешүү боюнча UFC спорт уюму азырынча расмий маалымат бере элек. Бирок уюмдун жетекчиси Дана Уайт Макгрегор жеке өзү Нурмагомедов менен беттеше тургандыгын айткандыгын билдирген. Жакында эле бул темада эки мушкер интернетте байма-бай кайым айтышууларды жасашкан. Ал эми эч качан жеңилип көрбөгөн Нурмагомедов декабрь айында бразилиялык мушкер Эдсон Барбозу менен мушташып, жеңишке ээ болгон.

Эсиңиздерге сала кетсек, Хабиб Нурмагомедов UFCнын эң күчтүү балбандарынын бири, 70 кг чейинки жеңил салмакта күрөшөт. Орусиялык балбандын рекорду 25 мушташта 25 жеңүү менен жыйынталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!