​Чемпионат билеттерине 3 млн арыз түштү

​Чемпионат билеттерине 3 млн арыз түштү
17-Янв. 2018, Шаршемби, 02:07

Россияда өтө турган дүйнөлүк чемпионаттын билеттерин сатуунун биринчи этабында 3 миллиондон ашык арыз түшкөн. Бул тууралуу Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) билдирди. Негизинен билет сатуу эки этапка бөлүнгөн. Биринчи этабы 2017-жылдын 5-декабрында башталып, 2018-жылдын 31- январына чейин уланат.

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) маалыматтарына караганда учурда 3 141 163 арыз түшкөн. Биринчи этапта көрүүчүлөр футбол чемпионаттынын бардык оюндарына билет ала алышкан. Болгону ачылышына жана финалга билеттер сатыла элек. Билеттерди жеткирүү 2018-жылдын апрель-май айларында жүргүзүлөт.

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлга чейин Россияда өтөт. Футболчулар Россиянын 11 ири шаарларында 12 стадионунда ат салышат. Москва шаарында (“Лужник жана “Спартак), Санкт-Петербург (“Санкт-Петербург” стадионунда) Казань (“Казань Арена”), Сочи (“Фишт”), Екатеринбург (“Екатеринбург Арена”), Ростов-на-Дону (“Ростов Арена”), Волгоград (“Волгоград Арена”), Нижний Новгород ( “Нижний Новгород” стадиону).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!