​Неймар алдамчылыкка айыпталууда

​Неймар алдамчылыкка айыпталууда
17-Янв. 2018, Шаршемби, 10:50

Бразилиялык футболчу, француздардын “ПСЖ” клубунун чабуулчусу Неймар алдамчылык боюнча сотко чакырылды. Бул тууралуу «Спорт-Экспресс» басылмасы жазууда. Маалыматка ылайык атактуу футболчу 2013-жылы "Сантос" футболдук клубунан "Барселонага" которулуу келишимин жашыргандыгы боюнча айып тагылууда. Мындан тышкары сотко "Барселона" футбол клубунун мурдагы жана азыркы жетекчилери, Неймардын агенти болуп жүргөн атасы чакырылган. Аларды сотко тараптардан толугу менен акча албай калган “DIS” инвестициялык фонду берген. Ошол учурда Неймардын укугунун бир бөлүгү Фондго тийешелүү болгон. Ал эми трансфер акчасы 57,1 миллион еврого бааланган. Бирок кийин бул сумма өтө ылдыйлатылып көрсөтүлгөндүгү айтылган. Эгерде бул алдамчылык тастыкталса Неймарды 2 жыл эркинен ажыратуу жана 10 миллион евро айып пул төлөшү күтүлүүдө.

Эсиңиздерге сала кетсек, “Барселонанын” мурдагы чабуулчусу Неймар француздардын “Пари Сен-Жермен” клубуна 2017-жылы августь айында өткөн. Анда оюнчу француз клубу менен 5 жылдык келишим түзгөн. Ал эми трансфер 222 миллион еврону түзүп, футбол тарыхында рекорд койгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!