​Олимпиадада СССРдин желеги көтөрүлөт

​Олимпиадада СССРдин желеги көтөрүлөт
18-Янв. 2018, Бейшемби, 02:28

Эл аралык олимпиада комитети (МОК) Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында өтө турган 2018-жылкы кышкы Олимпиадагы бейтарап абалда катыша турган Россиянын спортчуларына СССРдин желеги менен чыгууну сунуштады.

«Р-Спорт» басылмасынын маалыматына караганда Эл аралык олимпиада комитетинин (МОК) атайын комиссиясы Россия спортчулары үчүн СССРдин желеги жана гимни менен чыгууну карап жатышат. Мындан мурда кышкы Олимпиадагы катыша турган Россиянын 208 спортчусунун кийим же сумкаларындагы «Russia» деген жазууларды «OAR» («Olympic Athlete from Russia») деп кыскартуу жана формаларындагы өлкөнүн герби же символикалары толугу менен алынып, ордуна олимпиадалык шакекчелер менен алмаштырылаары айтылган.

Эл аралык уюмдун басма сөз билдирүүсүндө бардык маселелер Россиянын олимпиадалык спортчулары менен биргеликте карашаарын жана Эл аралык олимпиада комитетинин (МОК) 5-декабрдагы чечимдерине таянып иш алып барарын белгилешкен.

Эсиңиздерге сала кетсек, 5-декабрда Эл аралык олимпиада комитети (МОК) кышкы Олимпиадага Россия желексиз, байтарап катыштыруу чечимин кабыл алган. Ага ылайык Россиянын допинг маселеси болбогон гана таза спортчулары атайын комиссия менен катышууга укук алышат. Учурда аталган өлкөдөн 208 спортчу бейтарап абалда катышууга даярданууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!