​Дүйнөнүн эң чоң спортчусу (видео)

​Дүйнөнүн эң чоң спортчусу (видео)
18-Янв. 2018, Бейшемби, 13:17

Дүйнөдөгү эң чоң, ири спортчу америкалык сумоист Эмануэль Ябраух болуп саналат. Ал спорт ишмердүүлүгүнүн активдүү учурунда 390 килограмм салмакта болгон. Ал эми профессионалдык спортчулар арасында (профессионалдык сумо – бул жапон мелдештерге катышкандар) эң чоңу “Императордук кубоктун” 3 жолку ээси Гавай аралынын жашоочусу Салеваа Фуаули Атисан болуп саналат. Анын салмагы ар кандай мелдештерде 302 килограмм, ал эми машыгуу учурларында 275 килограммга чейин түшкөн. Бирок ал спорттук карьерасын 1997-жылы аяктаган болчу.

Учурда эң оор салмактагы спортчу- сумоист Орора Сатоси. Ал паспорт боюнча бурятиялык Анатолий Валерьевич Михаханов – 2012-жылы салмагы 273 килограмм болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!