​Нурмагомедов 7-апрелде беттешет

​Нурмагомедов 7-апрелде беттешет
18-Янв. 2018, Бейшемби, 15:11

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Тони Фергюсон 7-апрелде Нью-Йорк шаарында беттешет. Бул тууралуу UFCнын президенти Дэйна Уайт билдирди. Мурда UFC Нурмагомедов менен Фергюсондун беттешүүсүн титулдук кылууну кабарлаган. Ага Ирландиялык мушкер Конор Макрегордун 2016-жылдын UFC титулун жеңип алгандан бери ММА беттештерине чыкпай койгондугу себеп болгон. Өткөн жумада Конор Макрегор чемпион наамынан ажыратылгандыгы айтылган.

Эсииздерге сала кетсек орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Тони Фергюсон 3 жолу беттешүү белгиленип бирок алдыга жылдырылган. 2017-жылы 5-мартта белгиленген беттешүүдө Хабиб Нурмагомедов жарат алып болбой калган. Экинчи жолу Тони Фергюсондун саламаттыгынан улам алдыга жылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!