​ФИФА жаңы рейтинг жарыялады

​ФИФА жаңы рейтинг жарыялады
19-Янв. 2018, Жума, 01:26

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) 18-январда улуттук курама командалардын жаңы рейтингин жарыялады. Анда август айында 120-орунда турган Кыргызстандын курамасы 5 сапка жогорулап 116-орунду ээледи.

Биринчи орунда адаттагыдай эле Германия, экинчи Бразилия, үчүнчү орунда Португалия турат. Андан кийин Аргентина, Бельгия. Алтынчы орунду Испания, жетинчи орунду Польша ээледи. Ал эми 3 сапка көтөрүлгөн Швейцария сегизинчи, Франция болсо тогузунчу орунда турат. Рейтингдин биринчи ондугун Чили жыйынтыктады.

Ал эми Орусия эки сапка дагы көтөрүлүп, 64-орундан 62 сапка көтөрүлгөн. Орусияда 2018-жылы өтө турган дүйнө футбол чемпионатында Орусия курама командасынын топтогу атаандаштары Уругвай-22, Египед -30 жана Сауд Арабия -65 орунга илинген.

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) улуттук курама командаларынын жаңы рейтинги төмөнгүчө:

жарыялады.

1. Германия – 1602 упай

2. Бразилия – 1483

3 . Португалия – 1358

4 . Аргентина – 1348

5 . Бельгия – 1325

6. Испания – 1231

7. Польша – 1209

8. Швейцария – 1190

9. Франция – 1183

10. Чили – 1147

11. Перу — 1128

12. Дания — 1099

13. Колумбия — 1078

14. Италия — 1052

15. Хорватия — 1048

16. Англия — 1047

17. Мексика — 1032

18. Швеция — 1000

19. Уэльс — 985

20. Исландия — 959

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!