​Неймардын керемет голдору (видео)

​Неймардын керемет голдору (видео)
19-Янв. 2018, Жума, 13:10

Футбол боюнча Франция чемпионаттынын 21 турунда "Пари Сен-Жермен" клубунун оюнчулары 8:0 эсебинде "Дижон" командасын жеңип чыкты. Жеңүүчү "Пари Сен-Жермен" командасынын 8 голунун төртөөнү дүйнөгө атактуу бразилиялык футболчу Неймар киргизди. Ал 42чи,57чи,73чү жана 83чү мүнөттөрдө –экөөсүн башы менен ылайыктап голдорду киргизген. Мындан тышкары "Пари Сен-Жермен" клубунун оюнчулары Анхель Ди Мария (4', 15') жана Эдинсон Кавани (21') айырмаланды.

Эсиңиздерге сала кетсек бул сезондо бразилиялык форвард "Пари Сен-Жермен" клубунун 23 оюнуна катышты жана 24 гол киргизген. Беттешүүлөрдө 16 ыңгай даярдап берген. Учурда париждик команда турнирдик таблицада 56 упай менен алдыда келатат. Ал эми "Лион" командасы 11 упай менен арта калууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!