​Саясатты сапырган спортчулар

​Саясатты сапырган спортчулар
20-Янв. 2018, Ишемби, 12:27

Атактуу спортчулар өздөрүнүн карьералары аяктагандан кийин тагдырлары ар кандай болот. Кимдир бирөө машыктыруучу болот, кимиси эс алууга, кимиси коомчулуктун пайдасы үчүн жан үрөп эмгектенет. Төмөндө биз спорт дүйнөсүнөн чоң саясатка аттанган кээ бир спортчуларды тизмеледик:

1. Бокс боюнча дүйнө чемпионаты , украиналык Виталий Кличко - “Удар” саясий партиясынын лидери. Киев шаарынын мэри жана Украина президенти Петр Порошенконун кеңешчиси.

2. Орусиянын көркөм гимнастика боюнча эмгек сиңирген спорт чебери - Алина Кабаева. «Сидней-2000» Олимпиадасында коло жана «Афины-2004» Олимпиадасында алтын медалдын ээси, 2 жолку дүйнө, Европа чемпиондугунун 5 жолку абсолюттук чемпиону. 2007-жылы 24 жашында «Единая Россия» партиясынын атынан Думанын V чакырылышындагы депутаты болуп шайланган. 2014-жылдын 15-сентябрында өз мандатын тапшырып, «Улуттук Медиа Группанын» директорлор кеңешинин башкарып келет.

3. Африкадан “Алтын топ” сыйлыгынын ээси, футболчу Джордж Веа Либерия президентти болуп шайланды .Джордж Веа – 1980-жылдары баштап,2000-жылга чейин Европа футбол тарыхындагы мыкты чабуулчу болгон. Ал 1995-жылы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) версиясы боюнча ошол учурда Европада ойногон футболчуларга берилчү “Алтын топ” сыйлыгын алган. Джордж Веа ушуга чейин бул сыйлыкка татыган африкалык жападан жалгыз футболчу бойдон калууда. Веа мыкты чабуулчу катары «Монако» (1988-1992), «Пари Сен-Жермен» (1992-1995) жана «Милан» (1995-1999) футбол клубдарында эстен кеткис из калтырган.

4. Филиппиндин атактуу мушкери Мэнни Пакьяо 2016-жылдан бери Филиппин парламентинин жогорку палатасынын сенатору жана муну менен бирге профессионалдык ринге чыгууну улантып келатат. Атактуу мушкер Мэнни Пакьяо профессионалдык рингде 59 жеңиш болсо, анын ичинде 7 жолу жеңилген. Соңку таймашын быйылкы жылы 2-июлда Австралияда өткөргөн.

Орусиянын Мамлекеттик Думасындагы спортчу депуттар:

1.Олимпиаданын чемпиону Светлана Журова - 2013-жылдан баштап Мамлекеттик Думанын депутаты. Мындан тышкары Сочиде олимпиадасында шаарчасынын мэри болгон.

2. Көркөм муз тебүү боюнча олимпиада чемпиону Антон Сихарулидзе - Мамлекеттик Думанын депутаты, спорт комитетинин мүчөсү.

3. Мурдагы профессионалдык мушкер Николай Валуев - VI чакырыштагы Мамлекеттик Думанын депутаты.

4. Көркөм муз тебүү боюнча олимпиаданын 3 жолку чемпиону - Ирина Роднина - VI чакырыштагы Мамлекеттик Думанын депутаты.

5. Европанын күрөш боюнча 12 жолку чемпиону Александр Карелин - Мамлекеттик Думанын депутаты.

6. Шахмат боюнча дүйнөнүн 12 жолку чемпиону Анатолий Карпов - 2011-жылдан бери «Единая Россия» партиясынын атынан Думанын депутаты.

7. Дүйнөнүн мурдагы биринчи теннисчиси Марат Сафин - VI чакырыштагы Мамлекеттик Думанын депутаты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!