​Футбол падышасы Пеле ооруканага жаткырылды

​Футбол падышасы Пеле ооруканага жаткырылды
20-Янв. 2018, Ишемби, 14:00

Бразилия футбол курама командасы менен дүйнөнүн үч жолку чемпиону болгон Пеле арыктагандан акыл эсин жоготуп, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу “Reuters” агентиги кабарлады. Маалыматка ылайык 77 жаштагы футбол падышасы учурда дарыгерлердин көзөмөл алдына алынды. Ал жекшемби күнү Лондондо футбол журналистеринин Ассоциациясынын (FWA) өкүлдөрү менен жолукмак бирок саламаттыгынын кескин начарлап кеткендигинен жолугушуулар алдыга жылдырылган. Футбол журналистеринин Ассоциациясынын (FWA) билдиргенине караганда Пеле бейшемби күнү акыл эсин жоготуп,ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын абдан арыктап кеткендигин жана дары тамчылатмада жаткандыгын, баардыгы көзөмөл алдында экендиги билдирди.

Футбол падышасы Пеле акыркы учурларда бөйрөгү ооруп, операция болгон.

Пеле – Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) версиясы боюнча ХХ кылымдын эң мыкты футболчусу. Ал эми 1999-жылы Эл аралык олимпиада комитети (МОК) бразилиялык оюнчуну кылымдын спортчусу деп атаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!