​Роналду: Месси начар футболчу

​Роналду: Месси начар футболчу
24-Янв. 2018, Шаршемби, 12:00

«Реа́л Мадри́д» клубунун чабуулчусу, португалиялык футболчу Криштиану Роналду кесиптеши "Барселонанын" оюнчусу Леонель Мессини начар футболчу деп атады. Бул тууралуу Lenta.ru сайты кабарлады. Маалыматка ылайык футболчу Криштиану Роналду бул тууралуу «Реал» — «Депортиво» беттешүүсү алдында айткан. Футбол талаасына чыгып келатканда көрүүчүлөрдүн бири “Роналду дүйнөдөгү эң алтыңкы футболчу”,- деп кыйкырганда Криштиану Роналду “Месси начар футболчу” деп жооп узаткан.

«Реал» — «Депортиво» беттешүүсү 7:1 эсебинде аяктаган анда 2 гол киргизген Роналду башынан жарат алган.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2008-жылдан бери ааламдын мыкты футболчусуна берилчү “Алтын топ” сыйлыгын эки атактуу оюнчуга берилип келет. Эки футболчунун тең бештен “Алтын топ” сыйлыгы бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!