Месси: Роналду менен эч кандай мамилем жок

Месси: Роналду менен эч кандай мамилем жок
31-Янв. 2018, Шаршемби, 13:09

Аргентина курама командасынын жана "Барселонанын" чабуулчусу Леонель Месси «Реа́л Мадри́д» клубунун форварду Криштиану Роналду менен мамилеси тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Леонель Месси “Tribal Football” басылмасына маек курган. Анда атактуу футболчу Криштиану Роналду тууралуу төмөндөгүлөрдү айткан:

“ Достук – бул көп жылдардан кийин түптөлөт. Менин Криштиану Роналду менен эч кандай мамилем жок. Биз болгону сыйлык тапшыруу салтанаттарында гана жолугабыз. Ошондо эле бир аз сүйлөшөбүз. Болгону ушул, биздин жолдор бириге бербейт” деди

Эсиңиздерге сала кетсек «Реа́л Мадри́д» клубунун чабуулчусу, португалиялык футболчу Криштиану Роналду кесиптеши "Барселонанын" оюнчусу Леонель Мессини 24-январда "начар футболчу" деп атаган.

2008-жылдан бери ааламдын мыкты футболчусуна берилчү “Алтын топ” сыйлыгын эки атактуу оюнчуга берилип келет. Эки футболчунун тең бештен “Алтын топ” сыйлыгы бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!