​Путин спортчулардан кечирим сурады

​Путин спортчулардан кечирим сурады
1-Фев. 2018, Бейшемби, 02:13

Орусиянын президенти Владимир Путин Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында өтө турган 2018-жылкы кышкы Олимпиадага катыша турган спортчулар менен жолугушуп, аларды тышкы таасирлерден коргой албагандыгы үчүн кечирим сурады. Путин жолугушууда спортчуларды толугу менен колдой тургандыгын жана абалдан чыгууга мамлекет колунан келген бардык нерселерди жасай тургандыгын билдирди.

Путин “Биз баарыбыз спортто жеңиш канчалык эмгек менен келээрин билебиз. Ал эми спортко чоочун,ички майда нерселер жана саясат киришкенде эки эсе оор болот. Сиздерди ушундай абалдардан коргой албагандыгыбыз үчүн кечирим сурайбыз. Ал эми Орусия дайыма спорттогу тазалыкты – допингден сырткары идеяны колдоп келген. Биз жалган жалаага кабылган спортчуларды коргоого жана аларды колдоого колдон келген бардык аракеттерди жасайбыз” деди.

Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында өтө турган 2018-жылкы кышкы Олимпиадага Орусиядан 500 спортчунун ордуна 169 гана катышат жана аларды коштогон 171 адам барат.

Эсиңиздерге сала кетсек, кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында 2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин өтөт. Жалпысынан кышкы олимпиадага 2 900 спортчу катышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!