​Олимпиада билеттеринин 74 пайызы сатылды

​Олимпиада билеттеринин 74 пайызы сатылды
1-Фев. 2018, Бейшемби, 15:44

Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында өтө турган 2018-жылкы кышкы Олимпиада билеттеринин 74 пайызы сатылды. Бул тууралуу “Inside The Games” басылмасы кабарлады. Учурда дагы ачылыш аземине жана спорттук мелдештердин сатыла элек 278 миң билети бар. Ал эми Эл аралык олимпиада комитети (МОК) уюштуруу комитетин бул маселени ыкчам чечүүгө чакырууда.

Эсиңиздерге сала кетсек, кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында 2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин өтөт. Жалпысынан кышкы олимпиадага 2 миң 900 спортчу катышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!