​“Формула-1” сулуулардан баш тартты

​“Формула-1” сулуулардан баш тартты
2-Фев. 2018, Жума, 14:12

“Формула-1” жарышынын жетекчилиги “грид-герлз” деп аталган модел кыздардын кызматтарынан баш тартты. Бул кыздар жарыш башталаар алдында трассага чыгып, акыркы 10 жылдан бери автоунаа жарыштарына көрк кошуп келген. Бул тууралуу чемпионаттын сайтты кабарлады.

“Формула-1” жарышынын жетекчиси Шон Братчес “- Биз өзүбүздүн керемет спорттубуздун кээ бир жактарын өзгөртүү боюнча бир жылдан бери байкоо жүргүздүк. Акыркы 10-15-жылдан бери “грид-герлз” кыздары жарышмаларыбыздын өзгөчөлүгү болсо дагы биздин бренддин баалуулуктарына жана заманбап социалдык нормаларга туура келбей тургандыгын байкадык” деди

“Грид-герлз” кыздары жарыш трассаларында алгачкы жолу ХХ кылымдын ортосунда пайда болгон. Алар старт алдында жарышчынын номери жазылган таблицасыны көтөрүп, коштоп барышчу.

Эсиңиздерге сала кетсек “Формула -1” жаңы сезону 23-мартта Мельбурн шаарында Австралиянын Гран-при жарышмалары менен башталат. Учурдагы чемпионаттын лидери британиялык Льюис Хэмилтон болуп саналат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!