​Неймардын өзгөчө туулган күнү

​Неймардын өзгөчө туулган күнү
6-Фев. 2018, Шейшемби, 11:03

Бразилиялык футболчу жана француздардын “ПСЖ” клубунун чабуулчусу Неймар 26 жашка чыккандыгын өзгөчө өткөрдү. Бул тууралуу “Sports.ru” сайтты жазып чыкты. Маалыматка ылайык туулган күн кечеси Париждин борборундагы “Pavillon Cambon” ресторанында үй-бүлөөсү, жакындары, футболчулар жана атактуу жылдыздар менен куттуктап келген. Атактуу футболчу жаш күнүн 200 ашык меймандары менен көңүлдүү өткөрдү. Коноктор арасында кесиптештери Килиан Мбаппе, Марко Верратти, Анхель Ди Мария, Тьяго Силва, Маркиньос, Юлиан Дракслер, Дани Алвес жана Кевин Трапп катышкан. Ал эми алчалуу тортун атактуу футбол жылдызы Роналдо кесип берген.

Айрыкча туулган күнүн Неймардан ашыгы Бруна Маркезини кооздоп турган. Неймар менен Бруна Маркезини 2012-2014-жылдары жолугушуп жүрчү. Кийин ортодо ажырым болуп, алар кайрадан жолугуша башташты. Бруна Маркезини – бразилиялык актриса, фотомодель и теле алып баруучу. Моделдик бизнеске 5 жашында келген жана телесериалдарга тартылган.

Ал эми 9-январда спорт изилдөө борбору (CIES) 25 жаштагы Неймарды 213 миллион еврого баалап, дүйнөнүн эң баалуу футболчу деп атаган.

Эсиңиздерге сала кетсек “Барселонанын” мурдагы чабуулчусу Неймар француздардын “Пари Сен-Жермен” клубуна 2017-жылы августь айында өткөн. Анда оюнчу француз клубу менен 5 жылдык келишим түзгөн. Ал эми трансфер 222 миллион еврону түзүп, футбол тарыхында рекорд койгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!