​Эки футболчу эркинен ажыратылабы?

​Эки футболчу эркинен ажыратылабы?
6-Фев. 2018, Шейшемби, 12:20

Англиянын "Ливерпуль" футбол клубунун эки футболчусу абакка алынышы мүмкүн. “Vesti.ru” кабарына караганда жарым коргоочу Деян Ловрендт алдамчылык беренеси менен ал эми кесиптеши Джон Флэнаганды аялын сабагандыгы үчүн сотко чакырылды. Джон Флэнаган аялы Рейчел Уоллду катуу уруп койгон. Футболчу сотто өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Сот муну эске алган менен бери дегенде 6 ай камакка алышы мүмкүн болууда.

Ал эми хорватиялык футболчу Деян Ловрендт коррупция иши менен башы балээде болууда. Ал учурунда "Динамо" командасынан француздардын “Лион" клубуна өткөндө ири сумманы жашырып койгондугу айтылууда. Бул фактылар тастыкталса футболчу бери дегенде 5 жылга камалышы мүмкүн. Учурда сот жараяны уланууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!