Олимпиаданын алдында куш тумоосу башталды

Олимпиаданын алдында куш тумоосу башталды
8-Фев. 2018, Бейшемби, 11:38

Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өтө турган 2018-жылкы кышкы Олимпиада оюндарынын башталышына эки күн калганда аймакта куш тумоосу ылаңы башталды. Бул тууралуу YTN телеканалы кабарлады. Маалыматка ылайык Түштүк Кореянын олимпиада мелдештери боло турган аймактан куш тумоосу жана бруцеллёз ылаңы пайда болду. Учурда 4 миллионго жакын куш жана миңге жакын бодо мал жок кылынды. Өкмөт олимпиада боло турган аймакка жакын жеке фермалардан тоок, өрдөк жана каздарды алууну пландап жатат. Буга кошумча учурда ылаңдын дагы 32 очогу табылганы кабарланууда.

Куш тумоосу – куштардын дем алуу жана тамак сиңирүү органдарын жабыркатып, шишитип, септицемияга дуушарлантып өтүүчү өтө жугуштуу вирустук ылаң. Куш тумоосу көптөгөн жапайы жана үй куштарынын түрлөрүндө кездешет. Адам өлүмү коштолгон куш тумоосу 2014-жылы Канада өлкөсүндө катталган.

Эсиңиздерге сала кетсек, кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында 2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин өтөт. Жалпысынан кышкы олимпиадага 2 900 спортчу катышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!