Олимпиада-2018: Желектер өрттөндү

Олимпиада-2018: Желектер өрттөндү
9-Фев. 2018, Жума, 13:01

Бүгүн Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өтө турган 2018-жылкы XXIII кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи Бишкек убактысы боюнча 17:00 (14:00 мск) “Олимпик” стадионунда башталат. Бул дүйнөлүк спорт салтанаты алдында кореялыктар Түндүк Кореянын спортчуларынын катышуусуна каршы болушуп, кечээ желектерди өрттөшүп жана КЭДР лидери Ким Чен Ындын сүрөттөрүн тытышкан. «Спорт-Экспресс» басылмасынын маалыматына караганда мындай каршылык акциясын Америка тараптуу кореялыктар уюштурган. Алар эки кореянын бир желек менен чыгышана да кашылыктарын билдиришкен.

Эки Корея бир желек менен чыгышат

Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде Түштүк жана Түндүк Корея бир желекке биригип чыгышат. Бул эки аралдагы бир элди биримдикке чакырган достуктун желеги тууралуу Түштүк Корея спорт министри То Чон Хван билдирген. Түндүк жана Түштүк Корея өлкөлөрү Панмунжом кыштагында жогорку даражадагы сүйлөшүүлөрдөн кийн Түндүк Корея Кышкы Олимпиада оюндарына спортчуларын, тайквондо тобун жана башка делегациясын жөнөткөн. Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында эртең баштала турган 2018-жылкы кышкы Олимпиадага Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон дагы катышат. Ал эми жалпысынан Түндүк Кореядан 22 спортчу катышууда. Спортчулар лыжа жарышы, тоо лыжа жарышы, көркөм муз тебүү жана аялдардын хоккейи боюнча ат салышат.

Эсиңиздерге сала кетсек, кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында 2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин өтөт. Ага дүйнөнүн 90 өлкөсүнүн 2 900 спортчу катышат. Мелдештер 18 күнгө созулуп, спорттун 15 түрү боюнча жалпысынан 102 медаль ойнотулат. Алар биатлон, бобслей, тоо лыжасы, лыжа жарышы, лыжа кош таймашы, лыжа фристайлы, керлинг, коньки жарышы, трамплинден секирүү, скелетон, сноуборд, чана спортту, көркөм муз тебүү, хоккей, шорт-трек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!