Олимпиада-2018: Сандар жана фактылар

Олимпиада-2018: Сандар жана фактылар
9-Фев. 2018, Жума, 14:33

1.Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өтө турган 2018-жылкы XXIII кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи Бишкек убактысы боюнча 17:00 (14:00 мск) “Олимпик” стадионунда бүгүн башталат.

  • 2. Кышкы Олимпиадага дүйнөнүн 90 өлкөсүнүн 2 900 спортчу катышат. Мелдештер 18 күнгө созулуп, спорттун 15 түрү боюнча жалпысынан 102 медаль ойнотулат. Алар биатлон, бобслей, тоо лыжасы, лыжа жарышы, лыжа кош таймашы, лыжа фристайлы, керлинг, коньки жарышы, трамплинден секирүү, скелетон, сноуборд, чана спортту, көркөм муз тебүү, хоккей, шорт-трек.
  • 3. Пхенчхан шаарында өтө турган кышкы Олимпиада оюндарынын бюджети 2,4 миллиард доллар.
  • 4. 2011-жылы 6-июлда 2018-жылкы XXIII кышкы Олимпиада Пхенчхан шаарында өтө тургандыгы жарыяланган.
  • 5.Түштүк Корея - Азия өлкөлөрүнөн Жапониядан кийин кышкы олимпиаданы өткүрүү даражасына ээ болгон экинчи өлкө болуп саналат.
  • 6.Түштүк Кореяда Олимпиада айылы, жаңы ыкчам темир жолу жана Олимпиада оюндарынын салтанаттуу ачылыш - жабылыш аземдери өтө турган 7 кабаттуу, 358 миң көрүүчүнү батыра алган стадион курулган.
  • 7. XXIII кышкы Олимпиада талисмандары Корея легандаларынын каармандары Сухоран ак жолборсу( Олимпиядалык оюндар үчүн) жана Пандаби күрөң аюу ( Паралимпиядалык оюндар үчүн) тандалып алынган.
  • 8. Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде Түштүк жана Түндүк Корея бир желекке биригип чыгышат. Жалпысынан Түндүк Кореядан 22 спортчу катышууда.
  • 9. Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында эртең баштала турган 2018-жылкы кышкы Олимпиадага Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон дагы катышат.
  • 10. XXIII кышкы Олимпиаданын коопсуздугун 10 000дей аскер, полициячылар көчөдөгү коопсуздукту көзөмөлдөсө, дагы бир нече миңдей адам компьютер аркылуу кол салчу хакерлерден калкалап, киберкоопсуздукка көз салат.
  • 11. Кышкы олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан эки спортчу - тоо лыжачы Евгений Тимофеев жана лыжачы Тариэл Жаркымбаев катышат.
  • 12. Орусиянын спортчуларына кышкы Олимпиадагы бейтарап абалда катыша тургандыгына байланыштуу эч кандай улуттук белгилерди колдонбоого жана соцтармактарда улутун көрсөтүүгө тыюу салган. Орусиянын 169 спортчусунун кийим же сумкаларындагы «Russia» деген жазуулары «OAR» («Olympic Athlete from Russia») деп кыскартылып жазылат.
  • 13.Олимпиадага Орусия 389 спортчусун катыштырууну сураган, бирок Эл аралык олимпиада комитети 169 спортчуга гана уруксат берген.
  • 14. АКШдан 2018-жылкы кышкы Олимпиадага 242 спортчу катышат. Бул кышкы олимпиада тарыхындагы АКШнын эң көп өкүлү болуп саналат. Американын курама командасында 107 айым жана 135 эркек спортчулар бар.
  • 15. Олимпиада оюндарынын башталышына эки күн калганда аймакта куш тумоосу ылаңы башталды. Учурда 4 миллионго жакын тоок,каз жана өрдөктөр жок кылынды.
  • 16. Кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында 2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин өтөт. Жалпысынан кышкы олимпиадага 2 900 спортчу катышат.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!