​Олимпиада-2018: Олимпиада ачылды

​Олимпиада-2018: Олимпиада ачылды
10-Фев. 2018, Ишемби, 01:52

Бүгүн Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында XXIII кышкы Олимпиада оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи, кечээ “Олимпик” стадионунда болуп өттү. Дүйнөнүн эң башкы спорт салтанаттын 220 мамлекетте түз эфир аркылуу көрсөтүлдү. Ачылыш аземинин эң узун бөлүгү Олимпиада спортчулардын парады болду. Эл алдына жалпысынан 92 команда чыкты. Салт боюнча парадды Грециянын спортчулары ачып, ал эми эки Корея бир желек менен аякташты. Салтанаттын ардактуу коноктору арасында Түштүк Кореянын президенти Ким Ен Нам, АКШнын вице-президенти Майкл Пенс, Германиянын президенти Германии Франк-Вальтер Штайнмайер, Франциянын президенти Эмманюэль Макрон, Канадынын генерал-губернатору Жюли Пайетт жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон дагы бар.

Ал эми Кыргызстандын улуттук курама командасы баштарына ак калпак жана кызыл күрмө кийип чыгышты. Олимпиада өтчү стадионго Кыргызстан командасынын капитаны, биатлончу Тариэл Жаркымбаев өлкөнүн желегин көтөрүп чыкты. Анын артынан тоо лыжачы Евгений Тимофеев, эки машыктыруучу жана Улуттук олимпиада комитетинин эки кызматкери коштоп басты.

Кышкы олимпиаданын оту Эл аралык олимпиада комитетинин (МОК) президенти Томас Бах сөзүнөн кийин атайын аренада жасалды. Өзгөчө беш бурчтуу спорттук курулушту курууга 109 миллион доллар жумшалган. Бул стадиондо 4 спорттук салтанаттан кийин жыйналат. Болгону Олимпиада жана Параолимпиада оюндарынын ачылыш-жабылыштары өткөрүлөт. Олимпиада оту тынчтыкты жана биримдикти билдирет. Ал Олимпиада оюндарынын негизги салтанаттуу элементтеринин бири болуп саналат. Олимпиада отун жагуу бактысы эл аралык мелдештерде ири жеңиштерди багындырган Түштүк Кореялык көркөм муз тебүү боюнча спортчу Ким Ён А жакты.

Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында XXIII кышкы Олимпиада оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи эки сааттан ашык убакыт алды. Башкы спорт салтанаттынын ачылышына стадиондо 35 миң көрүүчү отурушту. Ал эми билеттердин баасы 175 доллардан 1300 долларга чейин көтөрүлдү.

Эсиңиздерге сала кетсек, кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында 2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин өтөт. Ага дүйнөнүн 90 өлкөсүнүн 2 900 спортчу катышат. Мелдештер 18 күнгө созулуп, спорттун 15 түрү боюнча жалпысынан 102 медаль ойнотулат. Алар биатлон, бобслей, тоо лыжасы, лыжа жарышы, лыжа кош таймашы, лыжа фристайлы, керлинг, коньки жарышы, трамплинден секирүү, скелетон, сноуборд, чана спортту, көркөм муз тебүү, хоккей, шорт-трек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!