​Олимпиада-2018: чемпион буулугуп ыйлады

​Олимпиада-2018: чемпион буулугуп ыйлады
12-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 13:32

Орусияга эң биринчи медалды 1500 метр аралыгындагы шорт-трекист боюнча алып берген Семен Елистратов маарага жетээр менен бышактап ыйлап жиберди. Анын себебин мындай түшүндүрдү:

- Маарага жеткенде көз жаштарымы араң кармадым. Бул медаль – күйүттүкү! Артта бир кыйла өөдө-төмөндөр калды. Мага “Семен кайда баратасың? Кайсы Олимпиада оюндары?” дешкен.Бирок, башкалар чегинип жатканда, мен баш ийбедим. Мен багынган жокмун! Бул күмүш медаль алтындан да кымбат. Бул жеңишти спорттон четтетип койгон бардык кесиптештериме арнайм! Менин аларга айтаарым “Эч качан багынбагыла!”

Белгилей кетсек Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында өтө турган 2018-жылкы кышкы Олимпиадага Орусия 389 спортчусун катыштырууну сураган, бирок Эл аралык олимпиада комитети (МОК) 169 спортчуга гана уруксат берген. Бир кыйла атактуу чемпиондорду, күчтүү спортчуларды допинг чыры менен четтетип койгон. Алардын арасында орусиялык биатлонист Антон Шипулин жана лыжачы Сергей Устюгов дагы олимпиадага катышпай калган.

Кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында 2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин өтөт. Жалпысынан кышкы олимпиадага 2 900 спортчу катышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Иммунитетиңизди алсыраткан адаттар
Иммунитетиңизди алсыраткан адаттар
Жаңы жылдык балатылар түркмөн жомокторундай жасалгаланат
Жаңы жылдык балатылар түркмөн жомокторундай жасалгаланат
6 адамды алып бара жаткан лифт 95-кабаттан кулады
6 адамды алып бара жаткан лифт 95-кабаттан кулады
Назира Айтбекова: “Жаман, жек көргөн адамың сенин периштең, досуң экен…”
Назира Айтбекова: “Жаман, жек көргөн адамың сенин периштең, досуң экен…”
Көздүн тегерегиндеги бырышка каршы маскалар
Көздүн тегерегиндеги бырышка каршы маскалар
Тойдо урушкан жаш жубайларды элдештирген Эрнис Бөрүбаев
Тойдо урушкан жаш жубайларды элдештирген Эрнис Бөрүбаев
Москвада кыргызстандык таксист кардарынын капчыгын кайтарып берди
Москвада кыргызстандык таксист кардарынын капчыгын кайтарып берди
Бензиндин баасына нааразылардын бирөө көз жумса, 400ү жарадар болду
Бензиндин баасына нааразылардын бирөө көз жумса, 400ү жарадар болду
Мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу жеңишке жетишти(видео)
Мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу жеңишке жетишти(видео)
Кыргызстандагы ырчы айымдардын бизнеси. Кимисинин байлыгы көп?
Кыргызстандагы ырчы айымдардын бизнеси. Кимисинин байлыгы көп?
Аркан менен баскан адам жүрөктүн үшүн алды (видео)
Аркан менен баскан адам жүрөктүн үшүн алды (видео)
19- 23-ноябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы
19- 23-ноябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы
Эки шаар унааларга дизель майын куйбайт
Эки шаар унааларга дизель майын куйбайт
Эки учак кагышты
Эки учак кагышты
“Facebook” жаңы функциясын ишке кошту
“Facebook” жаңы функциясын ишке кошту
2019-жылы пенцияларды көбөйтүүгө канча сом каралды?
2019-жылы пенцияларды көбөйтүүгө канча сом каралды?