​Олимпиада-2018: чемпион буулугуп ыйлады

​Олимпиада-2018: чемпион буулугуп ыйлады
12-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 13:32

Орусияга эң биринчи медалды 1500 метр аралыгындагы шорт-трекист боюнча алып берген Семен Елистратов маарага жетээр менен бышактап ыйлап жиберди. Анын себебин мындай түшүндүрдү:

- Маарага жеткенде көз жаштарымы араң кармадым. Бул медаль – күйүттүкү! Артта бир кыйла өөдө-төмөндөр калды. Мага “Семен кайда баратасың? Кайсы Олимпиада оюндары?” дешкен.Бирок, башкалар чегинип жатканда, мен баш ийбедим. Мен багынган жокмун! Бул күмүш медаль алтындан да кымбат. Бул жеңишти спорттон четтетип койгон бардык кесиптештериме арнайм! Менин аларга айтаарым “Эч качан багынбагыла!”

Белгилей кетсек Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында өтө турган 2018-жылкы кышкы Олимпиадага Орусия 389 спортчусун катыштырууну сураган, бирок Эл аралык олимпиада комитети (МОК) 169 спортчуга гана уруксат берген. Бир кыйла атактуу чемпиондорду, күчтүү спортчуларды допинг чыры менен четтетип койгон. Алардын арасында орусиялык биатлонист Антон Шипулин жана лыжачы Сергей Устюгов дагы олимпиадага катышпай калган.

Кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында 2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин өтөт. Жалпысынан кышкы олимпиадага 2 900 спортчу катышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!