​Олимпиада-2018: Алгачкы допинг чыры чыкты

​Олимпиада-2018: Алгачкы допинг чыры чыкты
14-Фев. 2018, Шаршемби, 02:02

Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өтүп жаткан XXIII кышкы Олимпиадада алгачкы допинг эрежесин бузган окуя катталды. Допинг-тест көзөмөлүнөн жапониялык шорт-трекист боюнча спортчу Кэй Сайто өтпөй калды. Анын анализдеринен тыюу салынган ацетазоламид препараты табылган.

Бул заараны көп чыгаруучу дарыны мисалы, бийиктиктен коркондор, көз оорусунда же түнкү демсиздик жана тыюу салынган нерселерди жашырып-жабууда колдонушат. Ал эми Жапония курама командасынын жетекчисинин айтымында спортчу буларды билчү жана колдонушу мүмкүн эмес.

Жапония өкүлдөрүнүн башчысы Ясуо Сайто “- Мен жеке өзүм кепилдик берем. Кей Сайто эч качан булчуңга кубат берчү же салмакты төмөндөтчү препараттарды колдонгон эмес.Спортчунун андай нерселерди колдонууга эч кандай себептери жок” деп айткан.

Спорт арбитраждык соту (CAS) Кэй Сайто өз каалоосу менен ацетазоламид колдонуп жүргөн деген жүйө менен спортчуну кышкы Олимпиададан жана Эл аралык коньки жарышуу биримдигинен четтетүү бүтүмүн чыгарган. Учурда 21 жашындагы спортчу олимпиада айылынан кетти.Кэй Сайто 22-февралда 500 метрдик эркектердин эстафетасына ат салышмак.

Эсиңиздерге сала кетсек, кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында 2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин өтөт. Жалпысынан кышкы олимпиадага дүйнөнүн 2 900 спортчусу катышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!