“Реал" - "ПСЖ": Бүгүн кимиси жеңет?

“Реал
14-Фев. 2018, Шаршемби, 11:16

“Реал Мадрид” менен француздардын "Пари Сен-Жермен" командасы Лига чемпиондугунун 1/8 финалдык беттешүүсү бүгүн Испаниянын "Сантьягу Бернабеу" стадионунда өткөрүлөт (Москва убактысы 22.45). Сөзсүз түрдө эки команда тең Европанын башкы фаворит клубдары болуп саналат. Бирок жеңишке бирөө гана жетишет.

"Лига Ставок" букмекердик компаниянын аналитиктери бул оюнда ачык фаворитти көрүшкөн жери жок. Бирок футбол талаасынын ээлерине анча үмүттөнбөй турушат. “Реал Мадрид” клубуна берилген коэффициент -2,50. Ал эми француздардын "Пари Сен-Жермен" командасына 2,70 коэффициент беришүүдө.

Буга ылайык ышкыбоздордун 60 пайызы "ПСЖ" командасына үмүт артышса, 38 пайызы “Реал Мадрид” футболчуларынын жеңишин күтүп жатышат.

Сиздин оюңузча ким жеңишке жетишет?

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!