​Криштиану Роналду 100чү голун киргизди

​Криштиану Роналду 100чү голун киргизди
15-Фев. 2018, Бейшемби, 11:32

«Реа́л Мадри́д» клубунун чабуулчусу, португалиялык футболчу Криштиану Роналду Лига Чемпионатында бир клубта 100 гол киргизген алгачкы футболчу болуп калды. “Реал Мадрид” менен француздардын "Пари Сен-Жермен" командасы Лига чемпиондугунун 1/8 финалдык беттешүүсүнүн биринчи бөлүгүндө Криштиану Роналду эсепти 1:1 теңеп, өзүнүн 100чү голун киргизди. Тыныгуудан кийин Роналду 101 голун киргизген. Футболдук беттешүү 3:1 эсебинде «Реа́л Мадри́д» клубунун жеңиши менен аяктады.

Эсиңиздерге сала кетсек, Криштиану Роналду «Реа́л Мадри́д» футбол клубунда 2009-жылдан бери ойноп келатат. Ушул убак аралыгында ал эки жолу Испаниянын чемпиону, эки жолу Кубок жана өлкөнүн Суперкубогун, үч жолу Лига Чемпиондугун жеңип алган. Өткөн айда португалиялык футболчу Криштиану Роналду 2017-жылдын мыкты футболчусу жана “Алтын топ” сыйлыгынын ээси болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!