​Жыйырмадай өлкө допинг колдонот

​Жыйырмадай өлкө допинг колдонот
15-Фев. 2018, Бейшемби, 12:47

Дүйнөдө бери дегенде жыйырмадай өлкө кызытма колдонот. Бул тууралуу Москвадагы антидопинг лабораториясынын мурдагы директору Григорий Родченков американын CBS каналында “60 мүнөт” программасында айтып чыкты. Григорий Родченков пикири боюнча спорттогу алдамчылык адам баласынын табиатына тийешелүү нерсе.

Родченков " - Ооба, качандыр бир убакта Олимпиадалык оюндар таза болуп калаар. Анткени, адам баласынын табиаты менен күрөшүү оор нерсе. Бул биздин күнөөлөрүбүз.Спорттун тийешеси жок.10-15 % адамдарыбызды айыктыруу мүмкүн эмес.Муну менен күрөшө албайсың. Алар табиатынан алдымчы. Учурда дүйнөдө бери дегенде жыйырмадай өлкө кызытма колдонот” деп билдирди.

Эсиңиздерге сала кетсек Орусиядан качып кеткен Москвадагы антидопинг лабораториясынын мурдагы директору Григорий Родченков буга чейин ачыкка чыгарган маалыматтар Орусиянын Олимпиадага жана башка спорттук иш-чараларга катышуусуна тыюу салууга түрткү болгон.

Анын "орусиялык футболчулар допинг колдонду" деген 34 учур, анын ичинде 2014-жылдагы чемпионатта колдонгону боюнча далилдери Кызытмага каршы дүйнөлүк агенттиктин (WADA) баяндамасында жарыяланган. WADA Москвадагы лабораториянын базасындагы анализдердин 3000дөй үлгүсүн калыбына келтире алганын, алардын 154ү футболчулардыкы экенин билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!