​Футболчу 200 млн рублга алданып калды

​Футболчу 200 млн рублга алданып калды
16-Фев. 2018, Жума, 13:54

“Краснодар” клубунун жана Орусиянын курама командасынын чабуулчусу Федор Смолов 200 млн рублга алданып калды. Бул тууралуу «Коммерсант» басылмасы кабарлады. Маалыматка ылайык Орусиянын тергөө комитети алдамчылык боюнча кылмыш ишин козгоду. Анда Орусиянын курама командасынын футболчусу Федор Смолов алданып калгандыгы белгилүү болду. 28 жаштагы атактуу футболчу борбордук турак жай комплекстеринен 191,1 млн рублга батир сатып алган. Бирок кийин 194 чарчы метр аянтындагы батири күрөөгө коюлгандыгы аныкталган.

Футболчу ири суммадагы акчаларды алдоо менен шектелип жаткан РФ Мамлекеттик Думасынын мурдагы депутаты, курулуш жана жер мамилеси комитетинин мүчөсү Ильдар Самиевдин айынан жабыр тартууда.

Тергөөнүн божомолдоруна караганда Самиев башынан бери эле банкка да, футболчуга да милдеттемелерин аткарууну көздөгөн эмес. Мындан тышкары эл өкүлүн шаар сыртындагы 850 миң доллардык турак жай боюнча суракка алынууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!