Баш менен футбол ойноого тыюу салынат

Баш менен футбол ойноого тыюу салынат
20-Фев. 2018, Шейшемби, 15:49

Балдарга баш менен футбол ойноого тыюу салынат. Бул тууралуу Европанын футбол Асссоциацияларынын бирлиги (УЕФА) билдирди. Sport.ru сайтынын маалыматына караганда топтун соккусу мээге зыян келтирээри тастыксалса, анда балдарга баш менен футбол ойноого тыюу салынат. УЭФАнын президенти Александер Чеферин “Эгерде учурда жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча топтун соккусу балдардын мээ бөлүгүнө жана акыл-эс өнүгүүсүнө терс таасири тийгизгендиги далилденсе анда бул маселе боюнча катуу иш-чараларды колдонобуз”,- деди.

Уюмдун жетекчиси бул маселеде олуттуу кадамдарга бара тургандыгын белгилеп бул көйгөй футболго гана тиешелүү эмес башка да спорттун түрлөрүнө карала тургандыгын айткан. Ал ММА же бокс мелдештерин көргөндө төбө чачы тик турган окуялар болоорун да кошумчалады.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2016-жылдан баштап 11 жашка чейинки балдарга баш менен ойноого тыюу салынган.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!