​Бийчилер тиреши: экөө тең рекорд койду (видео)

​Бийчилер тиреши: экөө тең рекорд койду (видео)
22-Фев. 2018, Бейшемби, 11:21

Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында XXIII кышкы Олимпиада оюндарынында көркөм муз тебүү боюнча кыска программада 15 жаштагы дүйнөнүн эки жолку чемпиону орусиялык Алина Загитова 82,92 упай топтоп, дүйнөлүк рекорд койду. Экинчиликти дагы кайра орусиялык атаандашы Евгения Медведева 81,61 упай менен камсыз кылды. Үчүнчүлүктү канадалык Кейтлин Осмонд 78,87 упай менен жеңишке жетишти. Орусиялык көркөм муз тебүү боюнча эки спортчу тең алдыңкы орундары менен дүйнөлүк рекорд коюшту.

17-январда Москва шаарында көркөм муз тебүү боюнча Европа чемпионатында 15 жашында Алина Загитова биринчиликти камсыз кылган. Ал эми экинчи орунду Евгения Медведева алган эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!