​Орусия алгачкы алтын медалын алды (видео)

​Орусия алгачкы алтын медалын алды (видео)
24-Фев. 2018, Ишемби, 15:26

Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында XXIII кышкы Олимпиада оюндарында Орусияга алгачкы алтын медалды Алина Загитова алып келди. Көркөм муз тебүү боюнча кыска программада 15 жаштагы дүйнөнүн эки жолку чемпиону орусиялык Алина Загитова 239,57 упай менен биринчиликти камсыз кылды. Ал эми күмүш медал кайрадан эле орусиялык Евгения Медведева 238,26 упай менен жеңишке жетишти. Коло медалга 231,02 упай топтоп, канадалык Кейтлин Осмонд татыктуу болду.

Муну менен орусиянын улуттук командасы медалдык зачетто 15 орунга көтөрүлдү. Алардын куржунунда 1 алтын, 5 күмүш, 8 коло медал болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!