​Неймар катуу жыгылып, ыйлап да жиберди (видео)

​Неймар катуу жыгылып, ыйлап да жиберди (видео)
26-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 13:08

Бразилиялык футболчу жана француздардын “ПСЖ” клубунун чабуулчусу Неймар катуу жыгылып, ыйлап жиберди. “Reuters” агентигинин маалыматына караганда атактуу футболчу француздардын Чемпионат лигасында «ПСЖ» менен «Марсель» беттешүүсүндө катуу жыгылган. Неймарды футбол талаасынан замбил менен ташып кетишкен. Футбол беттешүүсүндө 3:0 эсебинде “ПСЖ” жеңишке жетишкен. Эми Неймар Чемпионат лигасынын 1/8 финалында “Реал” менен ойнобой калышы мүмкүн. Азырынча Неймардын жараты тууралуу маалыматтар бериле элек.


Өткөн сезондо Неймар Франциянын чемпионатында 18 беттешүүгө катышып, 18 гол киргизген. Мындан тышкары бразилиялык футболчу Чемпионаттар лигасында 6 беттешүүгө катышып, баардыгында айырмалып чыккан. Ал эми 9-январда спорт изилдөө борбору (CIES) 25 жаштагы Неймарды 213 миллион еврого баалап, дүйнөнүн эң баалуу футболчу деп атаган.

Эсиңиздерге сала кетсек “Барселонанын” мурдагы чабуулчусу Неймар француздардын “Пари Сен-Жермен” клубуна 2017-жылы августь айында өткөн. Анда оюнчу француз клубу менен 5 жылдык келишим түзгөн. Ал эми трансфер 222 миллион еврону түзүп, футбол тарыхында рекорд койгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!