Дүйнө футбол чемпионаты 99 пайыз даяр!

Дүйнө футбол чемпионаты 99 пайыз даяр!
27-Фев. 2018, Шейшемби, 11:22

Орусия 2018-жылкы дүйнөлүк футбол чемпионатына 99 пайыз даяр! Бул тууралуу Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Джанни Инфантино Лагостогу саммитте билдирди. Эл аралык футбол уюмунун башчысы чемпионаттын бардык даярдыктары жыйынтыкталдыгыны болгону акыркы көрсөтмөлөр калгандыгын айтты. Sports.ru сайтынын маалыматына караганда ФИФАнын президенти футбол чемпионатына келген меймандар Орусияда жомоктогудай эстен кеткис убакыт өткөрөөрүн жана бул абдан мыкты тажрыйба болооруна басым жасаган.

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Джанни Инфантино менен РФнын президенти Владимир Путин 12-февралда Кремлде жолугушуп, 2018-жылкы дүйнөлүк футбол чемпионатынын соңку даярдыктарын талкуулашкан. Джанни Инфантино акыркы эки жыл ичинде Владимир Путин менен төрт жолу жолугушкан.

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлга чейин Россияда өтөт. Футболчулар Россиянын 11 ири шаарларында 12 стадионунда ат салышат. Москва шаарында (“Лужник жана “Спартак), Санкт-Петербург (“Санкт-Петербург” стадионунда) Казань (“Казань Арена”), Сочи (“Фишт”), Екатеринбург (“Екатеринбург Арена”), Ростов-на-Дону (“Ростов Арена”), Волгоград (“Волгоград Арена”), Нижний Новгород ( “Нижний Новгород” стадиону).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!