Серена Уильямс: Төрөттөн өлүп кала жаздадым

Серена Уильямс: Төрөттөн өлүп кала жаздадым
27-Фев. 2018, Шейшемби, 12:22

Дүйнөнүн биринчи ракеткасы, америкалык теннисчи Серена Уильямс кызы төрөлгөн учурда “өлүп тирилгендигин” айтты. Атактуу спортчу CNN каналына курган маегинде былтыркы жылы сентябрь айында кыздуу болгондугун бирок дарыгерлер болбогондо өлүп кала жаздаганын билдирди.

Легендарлуу теннисчи “Кызымдын төрөлүшү жакшы эле өткөн. Андан кийинки алты күн коркунучтуу түштөй эле болду. Оор кыйынчылыктар өпкө эмболиясы менен башталды. Катуу жөтөлдөн улам кесарево операциясындагы тигиштер сөгүлүп кетиптир. Дарыгерлер менин ичимден абдан чоң кан шишигин табышкан. Тамырда уюган кан өпкөгө өтүшүп кете жаздаптыр” деди

Эсиңиздерге сала кетсек америкалык теннисчи Серена Уильямстин эсебинде “Чоң шлем” мелдештери боюнча 23 жеңиши бар. Мындан тышкары Уильямс төрт жолку олимпиада чемпиону: үч жолу тобу менен болгон мелдеште (2000, 2008 жана 2012-жылдар) жана жалгыз (2000-жылы) жеңишке жетишкен. Ал эми теннис тарыхында эң алдыңкы үчүнчү спортчу болуп саналат. Ал немис Штеффи Граф (377) жана америкалык Мартин Навратиловадан (332) кийинки орунда турат. Ал эми Аялдардын теннис ассоциациясы (WTA) рейтинг боюнча алдыңкы сабында келүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!